• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн бардык көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө - премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. «Өкмөт тарабынан ЕАЭБ талаптарына дал келген, эл аралык стандарттарга жооп берген көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берип жаткан учурда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө 4 өткөрүү пункту: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары жана 7 ветеринардык-контролдук пункт: «Кара-Суу» темир жолундагы, «Манас», «Ош» аэропортторундагы пункттар жана «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл-Бел», пункттары жабдылганын билдирди.

Өкмөт башчы кошумча 6 өткөрүү пункту мамлекеттик бюджеттин эсебинен ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн (анын ичинде: (“Ак-Тилек”, “Токмок-Автодорожный”, “Кең-Булуң”, “Ак-жол”, “Чалдовар”, “Чоң-Капка” пункттары бар) кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий