• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө ооруканаларында 514 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларында 514 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Cаламаттык сактоо министригинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 2 миң 165 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 116 киши, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 32, Ош облусунда – 74, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 74, Жалал-Абад облусунда – 91, Талас облусунда – 18, Баткен облусунун ооруканаларында 90 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 77 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 761ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 631 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий