• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө ооруканаларында коронавирус жана пневмониядан 532 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын ооруканаларында коронавирус жана пневмониядан 532 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Cаламаттык сактоо министригинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 2 миң 260 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 124 киши, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 71, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 73, Жалал-Абад облусунда – 100, Талас облусунда – 19, Баткен облусунун ооруканаларында 88 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 71 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 684тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 487 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий