• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу жерди ижарага берүү келишими жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясынын Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу аянты 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Нарын» ЭЭА башкы директору Артур Байтереков билдирди.

“Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө Өкмөткө кат даярдап жатабыз”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий