• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Локомотивди” “КТЖ” МИден алуу тууралуу буйрук жокко чыгарылды – Б.казаков

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. “Локомотив” спорттук-ден соолукту чындоочу комплексти “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан (“КТЖ” МИ) алуу тууралууу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

Ал буйрук “КТЖ” МИнин башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин бул жылы “Локомотив” зыян алып келбей тургандыгы тууралуу милдеттенме алгандыгына байланыштуу жокко чыгарылганын билдирди.

“Бүгүн жумушчу кеңешменин жыйыны болду, анын жетекчиси вице-премьер-министр Жеңиш Разаков болуп саналат. Мына, премьер-министр зыяндуу ишканаларды тартипке келтирүүнү тапшырган. Бул топ эртеңден тарта иштеп баштайт, ага Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана 11 министрликтин кызматкерлери кирет. Алар эмне себептен айрым ишканалар зыян алып келип жатканын иликтешет. Биз өткөн жумада “Локомотивди” алуу тууралуу буйрукту жокко чыгарганбыз. Анын жетекчиси бул жылы спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекс зыянга учуратпайт деп милдетти өзүнө алган. Бирок, эмне үчүн былтыр, мурдагы жылдары зыян алып келген деген суроо туулат”,-деди Б.Казаков.

Ошондой эле, ММБФ башчысы КТЖ мамлекеттик ишкана болуп саналат, бул мекеменин бардык мүлктөрү мамлекетке тиешелүү деп билдирди.

“Локомотив” мамлекеттин акчасына курулган. Аталган комплекс курулгандан баштап зыяндуу болуп келе жатат. Айтмакчы, ал темир жолчулардын эмес, мамлекеттин эсебинен тургузулган. Биз КТЖга чыгымдарды кыскарткыла, болбосо биз объектини алып, башка ишканага беребиз деп маселе койдук. Бул жерде рейдерлик басып алуу жок”,-деди ал.

Муну менен катар Б.Казаков жоопкерчиликтен качпай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолу” МИнин провсоюзчулары ММБФ рейдерлик жол менен “Локомотивди” басып алып жатканын билдиришкен. Алар аталган комплекс темир жолчуларга таандык экенин жана объект зыян алып келүүчү мекеме эмес экенин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий