Лола Абибова Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Лола Абибова Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы кол койгон буйрукка ылайык, Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары Асылкан Раманкулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий