• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Лола Каримованын Голливуддагы 19 миллион долларлык үч вилласы сатыкка коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева менен анын күйөөсү Тимур Тиллаевдин Голливуд дөңсөөсүндөгү үч вилласы сатыкка коюлду.

Variety басылмасынын маалыматына караганда, виллалардын жалпы баасы 18,9 миллион АКШ долларын түзөт.

«Лола Каримова-Тиллаева менен Тимур Тиллаев бул үч вилланы 2014-жылы 16,1 миллион долларга сатып алып, ижарага берип келишкен. Өздөрү Беверли-Хиллздеги үйдө жашашат. Аны 2013-жылы 33 миллион долларга алышкан. Мындан тышкары Париждеги жана Швейцариядагы үйлөрүнө барып турушат. Женевадагы үйдү 47 миллион долларга сатып алышкан», — деп жазды басылма.

Пикир

Оставить комментарий