• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лондон: мечиттин жанындагы кол салууга шектүү адам кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Лондондун Финсбери-Парк аймагындагы мечиттин алдында унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен адам терроризм жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме кылып BBC билдирүүдө.

Укук коргоо органдары дүйшөмбүгө караган түнү болгон кол салуунун жагдайларын териштирүүнү улантып жатышат. Анда жүк унаасын башкарган адам мечиттин айланасындагы зыяратчыларды тебелетип кетип, жыйынтыгында бир адам өлүп, ондогону жаракат алган.

47 жаштагы кишини жергиликтүү тургундар кармашып, полицияга өткөрүп беришкен.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө кол салууну айыптап, аны «мусулмандарга карата жасалган террордук чабуул» деп атаган.

Бул Улуу Британияда болгон соңку үч айдагы төртүнчү кол салуу. Буга чейинки үч террордук чабуул 34 адамдын өмүрүн жалмаган. Баш-аягы 150дөн ашык киши жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий