• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лондон соту Казакстандын 500 млн долларынын тоңдурулушунун мыйзамдуулугун карайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Лондондун Жогорку соту америкалык банктар тарабынан Казакстан активдеринин тоңдурулушунун мыйзамдуулугун карайт. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээ судья молдовалык ишкер Анатол Статинин бул ишти кароого англис сотунун укугу жок экендиги тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати менен анын уулу казак бийлигин алардын жеке менчигин рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылган деп айыптап, төрт миллиард доллардан ашык каражат талап кылган.

Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ долларын төлөп берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан бул сумманы төлөөдөн баш тартып, өкүмдү жокко чыгаруу үчүн сотко арыз менен кайрылган.23-мартта Колумбия соту Статинин пайдасын чечим чыгарган.

2017-жылы New York Mellon банкы молдовалык бизнесмен Анатол Статинин Казакстан өкмөтүнө каршы арызы боюнча Казакстан Улуттук корунун 22 миллиард долларын тоңдурганы маалым болгон.

Казакстан менен өлкөнүн Улуттук банкы америкалык банктын Лондондогу өкүлчүлүгүндө тоңдурулган акчалар мамлекетке эмес, Улуттук банкка тиешелүү экенин, мындан улам алар камакка алынбашы керектигин далилдөөгө аракет кылууда.

Пикир

Оставить комментарий