• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лондондо фургон жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Лондондун түндүгүндөгү Финсбери-парк аймагында фургон жергиликтүү мечиттин жанында өтүп бараткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Жергиликтүү полиция кызматы жабыркагандар бар экенин жана бир адам кармалганын кабарлады.

Учурда полиция кызматкерлери тургундарды унаа атайын сүзгөнүн же кокустук экенин изилдеп жатат. Сактык чараларын көрүү максатында окуя болгон жерге дароо куралчан полиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Улуу Британиянын мусулмандар кеңеши өздөрүнүн “твиттер” баракчасына фургон адамдарды кечки намаздан кайтып келаткан маалда сүзүп кеткенин жазган.

Ал эми кеңештин башчысы Харун Рашид Хан “Твиттерге" мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген улуу рамазан айында кечки намаздан чыккандарды унаанын айдоочусу атайылап сүзүп кеткенин жазып чыккан.

Полиция кызаты бул окуяны өтө олуттуу деп эсептейт. Андан жабыркагандар бар, бирок алардын так саны азырынча маалымдала элек. Бир адамдын кармалганы айтылууда.

Кырсык болгон көчөнү атайын кызмат өкүлдөрү курчап, тез жардам кызматы келген. Финсбери-парк аймагында абада тик учактар учуп жүргөнү дагы айтылып жатат.

Окуяга күбө болгондор билдиригендей, кырсык болгондо алгачкылардан болуп полиция кызматкерли келип, тез жардам кызматы келгенге чейин жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Булак: Би би си

Пикир

Оставить комментарий