• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лондондо инвесторлорго КРнын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү – ТИМ

Экономика 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара Искакова Лондондогу «Silk Road Investment Forum» инвестициялык форумуна катышып, Кыргыз Республикасынын экономикасынын гидроэнергетикалык тармагынын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу бет ачар жасады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун жүрүшүндө КРнын элчиси анын катышуучуларын Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС-каскады сыяктуу улуттук ири гидроэнергетикалык долбоорлорду камтуу менен ГЭС куруунун келечектүү долбоорлору, андан тышкары Кыргызстанга чакан ГЭС куруу долбоорлору менен тааныштырды.

“Ошондой эле, элчи форумдун катышуучуларына гидроэнергетикада мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлор менен таанышуу максатындаКыргызстандын энергетикалык тармагын билүү боюнча тур өткөрүүнү сунуштады”,-деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий