• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лондондо Назарбаевдин небереси бир жылга шарттуу кесилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуу Британияда жашаган 28 жаштагы небереси Айсултан Назарбаев Лондон соту тарабынан бир жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилип, 140 сааттык коомдук жумуштарды аткаруу жазасы чегерилди. Мындан тышкары ал маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барып, 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү керек болот.

Соттун билдирүүсүнө караганда, Айсултан Назарбаев быйыл 5-июнда маңзат чегип алып, полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирөөсүнүн колун тиштеп алган.

Айсултан Назарбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын учурдагы төрайымы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу. Ал Британиядагы Падышалык аскердик академияны аяктаган. Кийин Казакстанга келип Футбол федерациясын жетектеп турган.

Пикир

Оставить комментарий