• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лондондо WikiLeaks'тин негиздөөчүсү Джулиан Ассанж кармалды

Дүйнө 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Лондондун полициясы WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Джулиан Ассанжды кармады. Бул тууралуу Би би си кабарлады.

Акыркы жети жылдан бери Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинде эч жакка чыкпай жашап келген.

Эквадор өзүнүн элчилигинде Ассанжга башпаанек берүүдөн баш тарткандан кийин, күч органдары тарабынан кармалып, жакынкы полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Эске салсак, 2018-жылы октябрда Ассанж Эквадор аны элчилигинен чыгарууга аракет кылып жатканын жарыялаган эле.

Австралиянын жараны Джулиан Ассанж WikiLeaks аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук документтерин жарыялаганы үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн.

2012-жылы Эквадор Ассанжга башпаанек берип, элчиликтин имаратында бекинип калган.

Пикир

Оставить комментарий