• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лондондогу атышуудан бир адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Лондондун түнтүк-батышындагы атышуудан бир адам каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди,-деп билдирет РИА Новости Британия полициясынын билдирүүсүнө шилтеме берип.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери шейшемби күнү кечинде Камберланд-роудга чакыртылган. Жеринде октон жаракат алган 30 жаштагы эркек киши табылып, кийин ал окуя болгон жерден каза болгон. 20 жаштагы экинчи адам Лондондун түндүгүндөгү ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу критикалык деп бааланууда.

Скотланд-Ярд болгон окуяны адам өлтүрүү катары баалады. Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий