• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лондондогу өрттө 65 адам дайынсыз жоголгон - ЖМК

Дүйнө 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. «Sun” гезити жума күнү Лондондогу өрт чыккан учурда дайынсыз жоголгон же өрт учурунда каза болгон делген 65 адамдын тизмесин жарыялады. Бул туурасында “РИА Новости” маалымдады.

Буга чейин “Sky News” телеканалы дайынсыз жоголгондордун саны 41 экенин кабарлаган болчу.

Гезит түзгөн тизмеде адамдардын аты жөнү жана алардын өрт чыккан турак жайдын канчанчы квартирасында жашагандыгы жарыяланган. Жоголду делгендер, 11-чи жана 14-кабаттан 23- кабатка чейинки батирлерде жашашкан. Дагы төрт кишинин жашаган батиринин кабаты аныктала элек.

24-кабаттуу турак үйдө чыккан өрт, бейшемби күнү түнүндө катталган. Андан кеминде 17 адам каза болуп, 79у ар кандай жаракаттарды алып, учурда бейтапканада. Алардын 17синин абалы оор экени айтылууда. Лондондун тез жардам кызматы билдиргендей, алар 120 үй бүлөнү куткарып калууга үлгүрүшкөн. Эвакуацияланган жарандар, жакын жердеги мечит, чиркөө, коомдук борборлорго жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий