• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лос-Анджелесте маймыл чечегинен каза болгон алгачкы учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Лос-Анджелесте жугуштуу оорудан – маймыл чечегинен каза болгон алгачкы учур катталды. Бул тууралуу INTERFAX Лос-Анджелестин Коомдук саламаттык сактоо департаментине шилтеме менен билдирди.

“Бейтаптын иммунитети начарлап, ооруканага жаткырылган. Бул АКШда расмий адамдардын вирустун кесепетинен өлүм катталганы тууралуу коомчулукка ачык жарыялаган алгачкы учуру. Ошондой эле портал белгилегендей, Техас штатынын чиновниктери өткөн айда бейтап маймыл чечегинен улам каза болгонбу же жокпу иликтеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар белгилегендей, акыркы жылдары бул илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү төмөн - 3-6%. Бирок кечээки күнгө карата АКШда маймыл чечеги менен ооруган 21 миң 985 адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий