• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазат.

Кино жаатындагы эң абройлуу сыйлык тапшыруу аземинин ачылышы Queen рок-тобунун ыры менен коштолгон.

Көп номинацияларда тартууланган кинотасмалардын ичинен грек режиссеру Йоргос Лантимосанын “Фаворит” жана мексикалык Альфонсо Куаронанын “Рома” аттуу эмгектери 10 номинацияда көрсөтүлүп, тизменин лидерлери аталган.

“Чет элдик эң мыкты кинотасма” катары сыйлыкты Альфонсо Куаронанын “Рома” аттуу тасмасы алган. Андан тышкары Куарондун бул эмгеги “Оператордук чеберчилик” сыйлыгын да алган. Бул тасма 1970-жылдардагы мексикалык үй-бүлөнүн оор жашоо-турмушу тууралуу баяндайт. Буга чейин “Рома” “Алтын глобус” байгесине да ээ болгон.

“Эң мыкты актёр” наамы “Богем рапсодиясы” тасмасындагы ролу үчүн Рами Малекке ыйгарылган.

Ал эми Спайкли Ли аттуу режиссёрдун “Жашыл китеп” тасмасы “Эң мыкты сценарий” наамын ээледи.

Боба Персичетти, Питер Рэмзи жана Родни Ротмандын “Жөргөмүш адам: ааламдар аркылуу” тасмасы “мыкты мультипликациялык тасма” наамына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий