• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Лос-Анжелесте өтүп жаткан Садык Шер-Нияздын фестивалына Анжелина Жоли келди (сүрөт)

Маданият 0

Бишкек, 31.10.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. Лос-Анжелесте өтүп жаткан Азия тасмаларынын бүткүл дүйнөлүк фестивалына (Аsian World Film Festival) голливуд жылдызы Анжелина Жоли келди. Аталган кинофестивалды кыргыз режиссеру Садык Шер-Нияз түптөгөн.

Режиссер өзү фейсбук баракчасында “Ишенсеңер ишенгиле, ишенбесеңер жок, Анжелина өзү келди фестивалыбызга. Келмек түгүл баары менен сүйлөшүп, чай ичип, чер жазыша маектешип кетти”,-деп жазган.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда башталган фестиваль 2-ноябрга чейин уланат.

Бул фестивалдын түптөөчүсү жана төрагасы “Курманжан Датка” тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз.

Пикир

Оставить комментарий