• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлтүрүлгөн прокурор Калыковду ага кылмыш ишин козгойм деп коркуткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси, кармалган Мелис Калыковду коркуткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн тескөө боюнча башкармалыгын башчысы Замир Бейшекеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, прокурорду өлтүрүүгө шектелип кармалган Мелис Калыков мойнуна алган көрсөтмөлөрдү берген жана прокурор тарабынан өзүнө карата кылмыш ишин козгой тургандыгын айткан коркутуулар Мамажакыповду өлтүрүүгө башкы себептердин бири болгон.

“Маркум прокурор тарабынан Калыковдун ишмердүүлүгү боюнча дайыма пландык жана пландык эмес текшерүүлөр жүргүзүлүп турган. Буга чейин Калыков 10 миң сом айыпка жыгылган, андан сырткары башка административдик иштер түзүлгөн”, - деди прокурор.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

20-ноябрда соттун чечими менен ал СИЗОго 2 айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий