• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Лучше всех” таланттар шоусуна катышкан Нурпери Тургуналиева көрүүчүлөрдү таң калтырды

Маданият 0

Бишкек, 09.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Күн мурун, 8-октябрда Россиянын Биринчи каналындагы “Лучше всех” таланттар шоусунда кичинекей 6 жаштагы Кыргызстандык Нурпери Тургуналиеванын аткаруусундагы бийди көрсөтүштү.

Таланттуу, шайыр, шамдагай болгон кичинекей кыздын бийлеген бийи интернетте кызуу талкуу жаратып, “Лучше всех” шоусундагы бар көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Анын бийи бардык көрүүчүлөргө жана алып баруучу Максим Галкинге да абдан жаккан.

Эске сала кетсек, Нурпери Тургуналиеванын Нооруз майрамында бийлеген бийи социалдык тармактарга тарап, өзүнө көп көрүүчүлөрдү топтой алган. Нурпери “Божалар” тобунун ырына өзбекче кийинип алып, бийлеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий