• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лука Модрич 7-ирет мыкты оюнчу деп таанылды

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Реал Мадриддин" жарым коргоочусу Лука Модрич Хорватияда өткөрүлгөн атайын сурамжылоонун алкагында "жылдын мыкты оюнчусу" наамын алды. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

33 жаштагы хорватиялык футболист мыкты оюнчу деп 3-жолу катары менен сыйланууда. Жалпы жонунан алганда Модрич 7 жолу Хорватиянын мыктысы аталды.

Белгилей кетсек, бул наамга болгон сурамжылоо Хорватия чемпионатынын машыктыруучулары менен футболисттери арасында өткөрүлгөн.

Эске салсак, 2017-2018-жыл арасында Модрич мыкты оюн көрсөткөнү үчүн Роналду менен Месси алып жүргөн "Алтын топ" сыйлыгына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий