• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Лука Модрич алган жаракатынан улам "Реал" – "Барселона" оюнуна катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Мадриддик "Реал" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич Хорватиянын курамындагы оюнда жаракат алганына байланыштуу бир катар беттештерге катышпайт. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Модрич жекшемби күнү Хорватиянын курамында Уэльстин командасына каршы оюнда жаракат алган. Оюн 2020-жылы өтө турган Европа биринчилигинин тандоо турунун алкагында болгон. Лука Модрич алган жаракатынан улам оюндун 90-мүнөтүндө башка оюнчуга алмашылган.

Marca басылмасынын маалыматында, 34 жаштагы оюнчу Испания биринчилигиндеги "Мальорка" командасына жана Чемпиондор лигасында "Галатасарай" клубуна каршы оюнга катышпайт. Ошондой эле "Реал" клубунун катарында "Барселонага" каршы ойнобойт.

Белгилей кетсек, "Реал" менен "Барселона" командаларынын оюну 26-октябрда "Камп Ноу" стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий