• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лукашенко менен Пашинян Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты

Жеңишке 75 0

Бишкек, 0905.20. /Кабар/. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Бардык беларус элинин жана өзүмдүн атыман Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Улуу Жеңишке алып келген согуш тааласындагы ата-бабаларыбыздын эрдиги, ошондой эле ооруктагылардын тайманбас эмгеги биз үчүн түгөнгүс сыймыктын булагы, чексиз патриоттуулуктун жана Ата Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү болуп кала бермекчи.

Биздин биргелешип фашизмди жеңгенибиз мындан ары да эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүүгө өбөлгө болоруна ишенемин.

Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан ары да мамлекетти чыңдоодо ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун куттуктоосунда.

Ошондой эле Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктаган.

«Бул күнү биз фронттогу баатырлардын жана ооруктагы эмгекчилердин жан аябастан фашизмди жеңүүгө чечкиндүү салым кошкондугун сыймыктануу менен сезип турабыз.

Арменияда да, Кыргызстанда да биздин ата-бабаларыбыздын эрдиги эскерилет. Эркиндик жана келечек муундардын бактысы үчүн алардын жасаган эрдигин биз ыйык тутабыз.

Улуу Жеңиштин баа жеткис мурасы бүгүнкү күндө дагы бизди достук байланыштарын бекемдөөгө, учурдун коркунучтарына биргелешип жооп берүүгө жана Кыргызстан менен Армениянын тынчтыкта өнүгүүсү үчүн кызматташтыкты ырааттуу тереңдетүүгө чакырат», — деп белгиленет телеграммада.

Никол Пашинян Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бакубаттуулук, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий