• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лукашенко менен Зеленский кыргыз элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу жана эл аралык коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болгон эгемен Кыргызстан ар дайым ачык жана жигердүү диалог, ишенимди бекемдөө жана мамлекеттердин өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жолунда илгерилөөдө. Муну Евразия аймагында эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда иш жузүндөгү натыйжаларга жетишүүгө олуттуу салым кошкон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна 2019-жылы ийгиликтүү төрагалык кылганы тастыктап турат.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Беларусь Кыргызстан менен элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн көп кырдуу жана натыйжалуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастап кетким келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана алдыга койгон максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууну, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, бакыт жана жакшылыктарды каалады.

Ошондой эле Украина Президенти Владимир Зеленский Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Украина элинин жана жеке өзүмдүн атыман Сизди улуттук майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча кыргыз-украина мамилелеринин активдешүүсү Украинанын Борбордук Азия аймагындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан жана Украина ортосундагы конструктивдүү кызматташтыктын мындан ары да өнүгүшүн камсыздай аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Зеленский Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө күч-кубат жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий