• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лукашенко СOVID-19дун курмандыктарына арналган аза күтүү күнүнө байланыштуу Жээнбековго жана элге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин апппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Беларусь Республикасы коронавирус илдетинин жайылуусунан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», — деп айтылат Беларусь Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.

Александр Лукашенко Беларусь элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып, ооруп калган кыргызстандыктардын тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий