• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лукашенко Өзбекстанга расмий иш сапары менен келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 11.09.18. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко 12-14-сентябрда Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу өзбек тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин маселелеринин кең чөйрөсүн жогорку деңгээлде талкуулоо, саясий диалогду өнүктүрүү жана бекемдөөнүн негизги багыттарын, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-билим берүү, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда узун мөөнөттүү перспективага өз ара кирешелүү кызматташтыкты аныктоо пландалууда.

Эки өлкөнүн башчылары актуалдуу аймактык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүшөт.

Өзбек-белорус саммитинин жыйынтыгында өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык макулдашуулардын маанилүү пакетине кол коюу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий