• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лукашенко Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз деп жарыяланышынын 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бул дата кыргыз элинин тарыхында жаңы этаптын башталышын белгилеп, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга багытталган маанилүү кайра курууларды жаратты. Биздин өлкөлөр ортосунда түзүлгөн достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да өз ара урматтоонун, ишенимдин, тең укуктуу жана конструктивдүү өнөктөштүктүн духунда, жаңы идеялар жана ийгиликтүү долбоорлор менен өсө берерине ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык пландардын ишке ашуусун, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана ынтымак каалады.

Пикир

Оставить комментарий