• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лукашенко Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Азап жана кубанычтын көз жашы менен биз бул жаркыраган күнү адилеттиктин, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн идеалдарынын салтанаты үчүн күрөшкөндөрдүн жана курман болгондорду эскеребиз.

Биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана биз глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет», — деп айтылат телеграммада.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боорукердик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий