• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лукашенко Жээнбековду Кыргызстандын Президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Минск, 30.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу ал Минскте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө билдирди.

“Бүгүнкү сессия Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жаңы дем берет. Мен буга бир гана үмүт артып тим болбостон, ага ишенем. Өзгөчө Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына биринчи жолу катышып жаткан Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келип турат. Көпчүлүктүн оюн билдирип, сизге оңой эмес мезгилдеги жооптуу кызматыңызга ийгиликтерди каалайм. Кыргызстандын атынан жемиштүү иш жана биздин Уюмду бекемдөө”,-деп билдирди ал.

Беларусиянын президенти бүгүнкү жыйын ЖККУга жаңы дем бере тургандыгын билдирди. Ал ошондой эле күн тартиби бир жактуу жактырылып кабыл алынгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий