• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лунара Мамытова АКШга курска бюджеттин эсебинен барган – депутат

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова баасы 436 миң 976 сом турган социалдык коргоо маселелери боюнча курска өлкөнүн бюджетинин эсебинен барган. Бул тууралуу Facebook`тагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин реформалоого, маалыматтык системага, мамлекеттик жөлөк пулдардын даректүүлүгүнө, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалышы керек болчу. Бул акчалар салык төлөөчүлөрдүн мойнунда.

“КРдагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын 2018-жылдагы жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөнү кармоону жоюу үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кириши үчүн чоң даярдык көрүүнү өткөрүш керек болчу. Бирок 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин министрдин орун басары Лунара Мамытова социалдык коргоо маселелери боюнча негизги курска катышкан.

Министрдин орун басарынын республикалык бюджеттин эсебинен катышуусу үчүн чыгымдар 436 миң 976 сомду түзгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдун август-сентябрь айына кармалышы белгилүү болгон”, - деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий