• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лунара Мамытова иштеген пенсионерлер акча чогултуп, чет өлкөгө чыга алат деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Иштеген пенсионерлер пенсияларынан акча чогултуп, чет өлкөгө саякатка чыга алышат. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине анын кызмат ордун бекиткенге чейин, ал акча чогултуп, өзүнүн эсебинен Франция, Бельгия, Америка, Түркия жана Египет сыяктуу өлкөлөргө саякаттап келген.

“Менин девизим – дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр! Ошондо ички дүйнөң кеңейет, чоңоёсуң, акылыңа акыл кошулат. 198.5 чарчы чакырым жерден башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар. Ооба, баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат”, - деп жазган ал.

Анын пикиринде, жашоонун маңызы генетикалык кедейчиликтен арылуу.

“Эртеңки күн бүгүн башталат. Эртең, кечээ абстракттуу. Бүгүн да. Ушул мүнөттөр гана бар. Көрө албастыкты токтот. Шылтоолорду, актанууну да. Бирөө жөнүндө кыпындай да жаман ойлобо. Ушак сүйлөбө. Жазба да. Укпа да. Жашаш керек. Болгондо да бактылуу жашаш керек. Бул менин жеке аккаунтум, бул себептен мотивациялык гана сүрөттөрдү тартуулагым келген жана келе берет. Бактылуулук көрсөткөн, сүйүү көрсөткөн, кайгы-капа ансыз деле жетиштүү. Жашыра турган эч нерсе жок. Адам болуңуз. Күн сайын, мүнөт сайын... Бар бол жана дайыма эсиңде болсун, азыр жашап башта, зыяныңды эч бир инсанга тийгизбе. Жолдо турган ар бир кабанаак итке токтолуп, убакыт текке кетирбе. Жашоо сонун, карачы?!”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий