• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

M-1 Challenge 99: Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетти

Спорт 0


Бишкек, 19.11.18. / Кабар/. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 Challenge 99 эл аралык мелдишинде жеңишке жетти.

Мелдеш 17-ноябрда Назрань шаарында (Россия) болуп өттү.

Кыргызстандык спортчуга каршы дагестандык мушкер Залимбек Омаров беттешкен. Россиялык мушкер M-1 Global’да тогуз ирет күчүн сынап, бир жолу утулуп, бир ирет тең чыккан.

Таймаш 5 мүнөттөн 3 раунд болгон. Б. Абдибаит уулу калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий