• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

М-1 Challenge: Бусурманкул Абдибаит уулу Германиялык мушкер менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу эл аралык М-1 Challenge 92 аралаш мушташ боюнча турнирде Германиялык мушкер менен беттешет.

М-1 Global сайтынын маалыматы боюнча, турнир 24-майда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Абдибаит уулунун атаандашы Саба Болаги.

Саба Болаги ММАгы карьерасына чейин эркин күрөш боюнча Европа жана дүйнө чемпионаттарында катышып келген. Анын байге куржунунда 10 беттеш, сегиз жеңиш, бир тең чыгуу жана бир утулуу бар.

Мурда кыргызстандык мушкер M-1 Challenge мурдагы мушкери Максим Дивничти жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий