• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мьянмада Reuters агенттигинин эки журналисти мунапыс менен бошотулду

Дүйнө 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Мьянмада Reuters агенттигинин эки журналисти мунапыс менен бошотулду. Алар бул өлкөнүн мамлекеттик сыры тууралуу мыйзамын бузган деген айып менен жети жылга соттолгон.

Ва Лон менен Сое Оо 2017-жылы декабрда Мьянмадагы мусульмандардын өлтүрүлүшү тууралуу материал даярдап жүргөн маалда кармалып, 500 күндөн ашык камакта жатышты.

Reuters агенттигинин башкы редактору Стивен Адлер журналисттердин бошотулушун кубаттап, кесиптештери сөз эркиндигинин символу болуп калышканын белгиледи.

Буга чейин БУУ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар Мьянма бийлигинен Ва Лон менен Сое Оону бошотууну талап кылышкан.

Апрелде Мьянманын Жогорку соту аларга карата буга чейин чыккан сот өкүмүн күчүндө калтырган. Бул чечимди Журналисттерди коргоо эл аралык комитети сынга алган.

2017-жылы августта Аракан рохинжаларын куткаруу армиясы деп аталган топтун исламчылары Мьянма полиция кызматкерлерине кол салып, бир нече кишини өлтүрүшкөн. Буга жооп катары өкмөттүк күчтөр өлкө түндүгүндөгү Ракхайн штатында атайын операция баштаган. Аймакта жергиликтүү рохинжа мусулмандары куугунтукталып, 650 миңге жакын адам коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон.

Ва Лон менен Сое Оо Ракхайндын түндүгүндөгү ондогон мусулмандын өлүмүнө аскерлердин тиешеси бар-жоктугун иликтеп жүрүшкөн. Бул иликтөө журналисттер камакка алынгандан кийин аягына чыгарылып, анда армиянын кылмыштарга тиешеси бар экени белгиленип, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жазылган. Апрелде бул материал Пулитцеров сыйлыгына татыган.

Пикир

Оставить комментарий