• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Мөл-Булак” компаниясы чек ара жаңжалынан жабыркаган 130 жарандын насыясын кечти

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. “Мөл-Булак” кичи насыя компаниясы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыр тарткан 130 жарандын насыясын кечти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облуста ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту.

Алимбаев банк жетекчилери менен бирге кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларда каза болгон, жабыркаган жана турак жайсыз калган жарандардын банкттан алган насыялары боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароо маселесин талкуулашты.

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банкттар колдой тургандыктарын, насыяларды кечүү менен бирге керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ал эми “Мөл-Булак” компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда жараат алган, төртөө каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25 миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты.

Ошондой эле “Финка” кичи насыя берүүчү компаниясы чек ара айылдарынын бирине ФАП куруу боюнча чечим кабыл алгандыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий