• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер коому кайрымдуулук концертине чакырат

Аймак 0

Бишкек, 6-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. 10-июнда Бишкек шаарында Нарын облусунун “Ырыскы-Келечек” мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коому кайрымдуулук концертин өткөрөт. Концерттен түшкөн каражат аталган облустун 400 мүмкүнчүлүгү чектелгендердин керек жарагына жумшалат.

“Кабар” маалымат агенттигин редакциясына аталган коомдук бирикменин төрагасы I топтогу майып Ырысбек Исмаилов кайрылып, 15 жыл мурун майып болуп калганын айтты. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо шарты оор экенине күбө болуп, аларга жардам берүү максатында “Ырыскы-Келечек” коомун түзгөн. Аталган фонддо 400гө чукул адам катталган. Алардын баары ар кандай топтогу майыптар.

“Мамлекет бөлгөн 4,5 миң сом өлчөмүндөгү пенсия өтө аздык кылат. Бул каражатка биз дары-дармек, тамак-аш ж.б. нерселерди сатып ала албайбыз, бир жерден экинчи жерге жетиш үчүн коляска алууну кошпогондо да күнүмдүк оокат ашыбызга да толук жетпейт. Айрым бир үй-бүлөлөрдө эки-үчтөн мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар. Бир оорукчан адамды багуу кыйын болуп турганда үч оорулуу бар үй-бүлөлөргө өтө эле кыйын”,- дейт Ы.Исмаилов.

Анын айтымында, буга чейин алар облустун деңгээлинде бир нече жолу кайрымдуулук концерттерин өткөрүп келген. Бирок, кайрымдуулукка муктаж болгондордун саны көп болгонуна байланыштуу алар концертти Бишкекте өткөрүү чечимине келишкен. Атамекендик ырчылар, активисттер жана кайрымдуу адамдар концертти өткөрүүгө жардам беришкен.

“Концерттен түшкөн бардык каражат бирикменин жардамга муктаж мүчөлөрүнө жумшалат. Биз керектүү дары-дармектерди, тамак-аштарды сатып алабыз. Себеби, айрым учурларда мүмкүнчүлүгү чектелгендер нан менен суу гана ичип калган учурлар кездешет. Мага окшогон биринчи топтогу майыптар көп. Биздин арабызда башка балдардай болуп басып, ойной албаган өспүрүм балдар бар”,- деп кошучалады Ы.Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий