• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мүмкүнчүлүк болсо балдарды бала бакчаларга алып барбай, үйдө кароо керек - Саттарова

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эгер мүмкүнчүлүк болсо балдарды бала бакчаларга алып барбай, үйдө кароо керек. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.

Ал өлкө боюнча 5-июндан тарта бала бакчаларга иштөөгө уруксат берилгенин айтып өттү.

"Баткен облусунда жер-жерлерде комиссия түзүлүп, бала бакчалардын даярдыгын текшерип чыгышты. Ал жерде иштеген тарбиячылардын баарынан ПЧР-анализдер алынган. Облус боюнча 192 бала бакчада 1 миң 124 тарбиячы иштейт. Анын 165и мамлекеттик, 27 жеке бала бакча. Эгер баланы үйдө кароого мүмкүнчүлүк болсо − ата-эне же эже-байкеси болсо баланы бала бакчага алып баруунун кажети жок. Жумушта иштеп, үйдө карай турган адам болбогон жарандар балдарын бала бакчага алып барса болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий