• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мөндүрдөн 488,7 гектар айдоо аянтына зыян келтирилген

Аймак 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. 2017-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл облусунун Түп районунда күтүүсүздөн жааган мөндүрдөн зыян тарткан жергиликтүү дыйкандар менен өз жерине барып жолукту. Түп районунда табияттын кырсыгынан жалпысынан 488,7 гектар айдоо аянты үзгүлтүккө учураган.

Жолугушууда Түп районунун Акимчилигинин өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү айыл тургундары, дыйкандар болду.

Министр Н.Мурашев Түп районунун Кең-Суу, Байзак жана Сары-Төлөгөй айылдарынын жергиликтүү дыйкандарына жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Мөндүрдүн кесепетинен зыян тарткан айылдын тургундары жана дыйкандар жардам берүүнү өтүнүп, кийинки жылга арпа, буудай үрөнүн камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Жергиликүү дыйкандардын суроосуна жооп берген министр бул маселени ушул бойдон жөн калтырбай Өкмөткө да кайрылып, жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. “Кийинки жылга 488,7 гектар айдоо аянтка жетерлик, ушул жердин климатына туура келген, жакшы сапаттагы үрөн маселесин чечип берүүгө жана жер айдаган техникаларды уюштуруп, аларды май менен камсыздоого аракет кылам. Сиздерге белгилүү болгондой, быйылкы жылы кыш узак болуп, табигый кырсык өлкөбүздө көп катталды. Түштүктө болгон жер көчкү кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып, көптөгөн чыгымга учурашты. Быйыл мал чарбасында чөп аз, тоют азыктары кымбаттоодо, көңүлүңүздөрдү чөктүрбөй аз пайыз болсо дагы түшүмүн жыйнап, саманын оруп-жыйнап алыңыздар”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий