• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүр үчүн күрөш! Ошто КРнын волейбол боюнча кайрымдуулук чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. 15-февралда Ош шаарындагы Рамазан спорт комплексинде аялдар арасында волейбол боюнча "Өмүр үчүн күрөш!" девизи астында кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Иш-чаранын максаты - рак менен күрөшүп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбековага Индиядан операция жасоо үчүн акча каражатын чогултуу.

15-февраль – рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү.

Мелдешти Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Асел Атабекова жана Гүлназ Исаева менен биргеликте уюштурушууда.

Кайрымдуулук чемпионатынын өзгөчөлүгү – аялдарды сергек жашоого тартуу менен бирге, кайрымдуу болууга, башкаларга жардам берүүгө үндөө аркылуу Айжамалдын өмүрүн сактап калууга салым кошуу.

Айжамал апасы менен биргеликте учурда Индияда дарыланууда.

Дарылануу оор болгондуктан, операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен.

Буга чейин Бишкекте "Өмүр үчүн күрөш" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеш аялдардын башын бириктирип, Айжамалдын Индияга кетишине шарт түзгөн жана "Борбордук Азиянын Аялдар лигасынын" түптөлүшүнө өбөлгө болду.

Кайрымдуулук мелдешке кайдыгер карабай, аталган иш-чарага жигердүү катышып кетиңиздер!

Кайрымдуулук чемпионаты 15-февраль күнү саат 10:00дө Ош шаарынын «Рамазан» спорт комплексинде өтөт.

Дареги: Манас-Ата аймактык кеңеши, Долбоорлоо-1 көчөсү (болжолу – «Кудайберген» унаа тетик базары).

Пикир

Оставить комментарий