• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүралиев: 2019-жылы Кыргызстан менен Түркиянын соода алакасы 50 млн долларга артты

Коом 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Телерадиокомпаниясынын (ТРТ) расмий сайтынын кыргыз бөлүмүнө маек берип, элчилик кызматта жасап жаткан иштери тууралуу айтып берген.

Элчи белгилегендей, ал кызматка расмий киришкенден тарта Түркиянын бир катар министрликтеринин башчылары, алардын орун басарлары менен жолугушууларды өткөргөн.

"Түркиядагы элчилик кызматка келгениме 10 ай болуп калды. Анын ичинде Түркиянын президентине ишеним күбөлүктөрүн тапшырып, расмий кызматка киришкениме 8 ай болду. Расмий жолугушуулар күбөлүктөрдү тапшыргандан кийин башталат. Түркиянын дээрлик бардык министрликтери менен жолугушууларды өткөрдүм. Тышкы иштер министри, ички иштер министри, соода министри, айыл чарба министри, энергетика министри, коргоо министри жана орун басарлары менен жолугушуулар болду", - деген ал.

Ал белгилегендей, былтыр Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга расмий сапар менен келип кетти.

"Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Ал беш жылдан бери өткөрүлбөй келген. Бул маселе боюнча Түркиянын Соода министрлиги менен тыгыз иштештик", - деп белгилеген ал.

Ошондой эле ал, эки өлкөнүн ортодогу соода алаканы 1 млрд долларга чейин жеткирүү боюнча максаттарынын алкагында кандай иштер жасалап жатканын айтып өткөн.

"Бул боюнча эки тараптын тиешелүү мекемелерине тапшырма берилген. Иштер жүрүп жатат. Алдыда айтып өткөн, өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүү да соода алаканы арттыруу үчүн жасалган бир кадам болду. Аталган комиссиянын отурумунун алкагында бизнес форум болуп өттү. Кыргыз тараптан аз киши катышканы менен түрк тараптан 350гө жакын өкүл катышты. Бирок биз Кыргызстанды Түркияга тааныттык. Экономикалык отурумдун алкагында 76 пункттан турган конкреттүү иш-чаралар бекитилди. Ал документте иш-чаралар качан, ким тарабынан аткарылары, кандай жыйынтык болушу керектиги жазылган. 2019-жылды карасак, мурдагы жылга караганда соода алака 50 млн долларга арткан – соода алака 450-500 млн долларга жетип калды. Инвестиция тартууда дагы 15%га көбөйдү. Соода алаканы 1 млрд долларга жеткирүү 1-2 жылда болбойт. Ушуга окшогон кадамдар менен алдыга жылсак, ал чекке жетиш алыс эмес", - дейт ал.

Аны менен бирге элчи Түркиянын облустарына барып, губернатор, мэр жана ал жактагы мекендештер менен жолугушуулар тууралуу айтып берген.

"Ал жолугушууларды эки багытта алып барып жатабыз. Биринчиси – биздин жарандардын укугун коргоо. Экинчи жактан Кыргызстанга экономикалык жактан пайда келтирүү: инвестиция тартуу, ишкер адамдар менен жолугуп, аларга Кыргызстандагы долбоорлорду тартуулап, тааныштыруу. Түркиядагы кыргыз жарандарынын көбү Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларында турат. Ошентсе да Түркиянын 81 провинциясынын 80 провинциясында биздин жарандар бар. Алар менен жолукканда Түркиянын миграция кызматынын өкүлү катышып, жолугушуу суроо-жооп иретинде өтөт. Кыргыз жарандары түзгөн коомдук уюмдардын башчылары миграциянын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, иштешип жатат",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий