• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүралиев Анкара кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунун башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунун (ANKASAM) башчысы, профессор Мехмет Сейфеттин Эрол жана анын башкы кеңешчиси Айдын Нурхан менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

АНКАСАМдын башчысы Эрол Кыргызстандын өкүлдөрүн 6-ноябрда Стамбул шаарында Изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп жаткан "Глобалдык бийлик үчүн күрөштүн көлөкөсүндө интеграцияны издөө жана түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык конференцияга катышууга чакырды.

Элчи Өмүралиев Мехмет Сейфеттин Эролдун АНКАСАМ менен Кыргыз Республикасынын алдыңкы маалымат агенттиктеринин ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча өтүнүчүнө колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Тараптар ноябрь айында АНКАСАМда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин баяндамасын уюштурууга макулдашышты.

Кошумча маалымат: ANKASAM - Анкарадa 2016-жылы түзүлгөн бейөкмөт уюм жана аналитикалык борбор. Борбордун негиздөөчүлөрү Түркия Республикасынын алдыңкы окумуштуулары, эксперттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана интеллигенциялары болуп саналат. ANKASAMдын приоритеттери эл аралык аренадагы экономикалык, саясий жана социалдык кризистерди талдоо жана аларды чечүү жолдорун камтыган саясатты иштеп чыгуу. ANKASAMдын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты Азия региону болгондуктан, анын алкагында 4 аймактык институт иштейт: Афганистан-Пакистан, Азия-Тынч океан, Борбордук Азия жана Евразия.

Пикир

Оставить комментарий