• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өмүралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Нуреттин Өздебир менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Өмүралиев, Анкара Өнөр-жай палатасынын жетекчилигине, Кыргызстандын инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү, аны менен бирге бизнес жүргүзүү боюнча шарттар (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), өлкөбүздүн экономикалык өнөктөштөрү жана тышкы өлкөлөр менен болгон соода-сатыгынын көлөмү, ЕАЭБдеги Кыргызстандын мүчөлүгү жана Европа Биримдигинен алган ВСП+ макамы жөнүндө айтып берген. Ошондой эле ал, КР экономикасынын артыкчылыктуу тармактары – айыл-чарба, жеңил жана тоо кен өнөр-жай, гидроэнергетика, тейлөө жана туризм тармагы тууралуу айтып өткөн.

"Тараптар, өнөр-жай тармагындагы Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты жана Анкара Өнөр-жай палатасынын ишкерлер делегациясынын Кыргызстанга болгон таанышуу сапарын, анын алкагында В2В жолугушууларды уюштурууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат иретинде: Анкара Өнөр-жай палатасы Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирикмесинин мүчөсү. Ал 1963-жылдын 18-ноябрында негизделген. Палатанын мүчөсү болуп өнөр-жайдын 35 секторунда иш жүргүзгөн 8 миңден ашык компания саналат. 2018- жылы Палатанын компаниялары 8 млрд доллардык продукцияны экспортко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий