• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өмүралиев Анкара университетинин ректору менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар достук мамилелерди түзүү аркылуу Анкара университети менен Кыргызстандын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты калыбына келтирүү жана өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти. Учурда университетте Кыргызстандан 41 студент билим алууда. Кыргыз студенттерин колдоо максатында ректорго аларга жана алардын билим алуу шарттарына көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды.

Университетте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу боюнча макулдашылды. Ошондой эле элчи Кубанычбек Өмүралиев студенттерге Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата лекция окуйт.

Пикир

Оставить комментарий