• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүралиев Түркияда туризм боюнча конференцияга катышып, Кыргызстандын потенциалы тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Экономикалык дипломатияны илгерилетүү ишинин алкагында 2021-жылдын 28-29-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Токат шаарында Эл аралык экотуризм коому (TIES) жана «WorkshopTravelshop» компаниясы тарабынан уюштурулган 16-Экотуризм жана туруктуу туризм боюнча конференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында элчи К.Өмүралиев сөз сүйлөп, видеоролик көрсөтүү менен Кыргызстандагы туризмдин, анын алкагында экотуризмдин абалы жана потенциалы жөнүндө презентация жасады.

Ошондой эле, элчи велотурлар, тоолорго жөө жүрүү жана альпинизм, лыжа спорту, "жайлоо-туризми", кымыз терапиясы жана башка ушул сыяктуу экотуризмдин өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Ошол эле учурда, эл аралык эксперттердин берген бааларына, анын ичинде дүйнөгө белгилүү ЖМКлар жана агенттиктер тарабынан 2019, 2020 жана 2021-жылдары Кыргызстан саякаттоо үчүн алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргизилгендигине көңүл бурду.

Конференциянын катышуучуларын Кыргызстанга чакыруу менен, К.Өмүралиев эки өлкөнүн туроператорлорунун ортосунда байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

«Түркия, АКШ, Индия, Пакистан, Иран жана башка өлкөлөрдүн туристтик фирмаларынын өкүлдөрү биздин өлкөгө турларды уюштурууга кызыкдар экенин билдиришти»,-деп айтылат маалыматта.

Экотуризмдин чоң потенциалын жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды белгилөө менен, К.Өмүралиев бизнес чөйрөлөрдү туризмге инвестиция салууга үндөдү.

Иш-чаранын алкагында элчи Токат провинциясынын губернатору Озан Балжы, Токат шаарынын мэри Эйюп Эроглу, Эл аралык экотуризм коомунун (TIES) аткаруучу директору Джон Бруно, «Workshop Travelshop» компаниясынын жетекчиси Муртаза Календер, “Dedeman” мейманканалар түйүнүнүн президенти Бану Дедеман, туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту.

Ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн туроператорлору менен B2B жолугушуулары өткөрүлүп, маалымат берилди, брошюралар жана буклеттер таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий