• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүралиев Түркиянын өнөр-жай жана технология министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын өнөр-жай жана технология министри Мустафа Варанк менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын өнөр-жай жана технология тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Түркиянын өнөр-жай тармагындагы чоң тажрыйбасын эске алып, Өмүралиев, Варанкты Кыргызстанда жаңы технологиялуу өндүрүш аянттарын ачууну сунуштаган.

Тараптар, Түркиянын илимий-техникалык изилдөөлөр боюнча Кеңеши менен КРнын тийиштүү органынын биргелешкен изилдөө иштерин алып баруусу боюнча жана Кыргызстандын өндүрүш тармагындагы өкүлдөрүнүн Анкарадагы Технопаркы менен таанышуу үчүн сапарын уюштурууну макулдашышкан.

Жолугушуу учурунда Өмүралиев, Варанкка Кыргызстандын инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү, бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү боюнча чыгымдар), өлкөбүздүн экономикалык өнөктөштөрү жана тышкы соода-сатыгынын көлөмү, КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгү жана ВСП+ макамы жөнүндө маалымат берген.

Пикир

Оставить комментарий