• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча УКМК тарабынан кармалган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабанов 2021-жылдын 31-июлуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Белгилей кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.

Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

КР УКМК туруктуу негизде аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр голд компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий