• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду – УКМК

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Республика-Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Идрис Кадыркулов билдирди.

Депутат Руслан Казакпаев УКМКнын башчысынан 2017-жылдагы президенттик шайлоо астындагы кампания учурунда Оштун “Амир-Тимур” кичи районунда Бабановдун сүйлөгөн сөзүнө карата козголгон кылмышы иши боюнча кызыкты.

Идрис Кадыркулов бардык материалдар ишке бириктирилип, кылмыш ишинин алкагында каралып жатканын билдирди.

“Биз сурамдарга жоопторду күтүп жатабыз. Иш убактылуу токтотулду”, - деди УКМКнын башчысы.

Эске салсак, Бабановго карата козголгон кылмыш иши 2017-жылдын 4-ноябрында “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө коомдук чакырыктар” жана “Улуттук, расалык жана диний кастыкты козгоо” беренеси боюнча козголгон.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчирээк ал депутаттык мандатын тапшырганын, саясий карьерасынын аяктаганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий