• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 4.11.17. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталган.

Басма сөз кызматынан маалымдашкандай, комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүлүп, анда, Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталгандыгы аныкталган.

Башкы прокурадан билдиришкендей, аталган кылмыш иши УКМКнын кароосуна өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий