• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өмүрбек Суваналиев: Биз, күч түзүмдөрү парламенттик шайлоого катышпайбыз. Өлкөдөгү туруктуулук маанилүү

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары, учурда коопсуздук структураларынын координатору Өмүрбек Суваналиев бүгүнкү күндө саясий партиялар чогулуп, мыйзам чегинде жаралган маселени чечиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, партиялар сүйлөшүү столуна отуруп, бардыгы ачык-айкын, демократиялуу жана мыйзамга ылайык болушу керек.

"Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү эмесмин жана шайлоого катышпайм. Ошондой эле талапкер эмес экенимди белгилегим келет. Бир дагы партиянын мүчөсү эмесмин. Биз күч түзүмдөрү парламенттик шайлоого катышпайбыз. Мен генералмын жана стабилдүүлүккө умтулам. Өлкөдөгү туруктуулук шайлоодон маанилүү", - деди Суваналиев.

Пикир

Оставить комментарий