• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өмүрбек Суваналиев: Өлкөдөгү кырдаалды мындан ары курчутууну каалаган деструктивдүү күчтөр бар

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары, учурда күч структураларынын координатору Өмүрбек Суваналиев Кыргызстандагы кырдаалды мындан ары курчутууну каалаган деструктивдүү күчтөр бар экендигин билдирди.

Анын айтымында, башаламандык башталган күнү күч структураларын басып алуу аракеттери көрүлгөн.

"Жалган маалыматтар аябай көп болуп жатат. Өлкөдөгү кырдаалды мындан ары курчутууну каалаган деструктивдүү күчтөр бар. Уюшкан кылмыштуу топ менен мыйзам чегинде күрөшүп жатабыз. Биз улуттар аралык жаңжалга жол бербейбиз. Стабилдүүлүктү сакташыбыз керек. Өлкөдө тартип болушу керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий